super.kg logo
  Саясат  

Оор кылмыштарды кечирбөө тууралуу мыйзам күчүнө кирди. Тийиштүү документке Алмазбек Атамбаев кол койду

 

Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 22-апрелде президенттин басма сөз кызматы билдирди. Аталган мыйзамды 2014-жылдын 6-мартында КРнын Жогорку Кеңеши кабыл алган.

Мыйзамдын максаты коррупцияны жоюу жана аны менен күрөшүү боюнча укуктук нормаларды жакшыртуу болуп саналат. 

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 6-бөлүмүнүн 67-беренесине толуктоолор киргизилди жана ал мыйзам өзгөчө оор кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн жокко чыгарат. 

Башкача айтканда, "мамлекеттик чыккынчылык", "коррупция" жана "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен айыпталгандарды кайсы учурда болбосун жоопко тартууга болот. Буга чейин мындай кылмыштар 10 жылдан кийин "эскирди" деп табылып, күнөөлүүлөрдү жазалоо мүмкүн болбой калчу. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: