Депутаттар “жаштарга автоунаа жарыштыра турган аянт даярдап берели” дешүүдө
Жогорку Кеңеште борбор шаардын жаштарына автоунаа жарыштыра турган атайын аянт даярдоо сунушу айтылууда. Муну бүгүн, 22-апрелде Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев айтып чыкты. “Баары бир аларга тыюу сала албайбыз, бир жерди ылайыктап түзүп берели. Жол кыймылына тоскоол болушпасын”,- дейт Абдылдаев.
Жыйында депутат Анарбек Калматов: “Дем алыш күндөрү кечкисин “Манас” аэропортуна барчу трассада автожарыш болот экен. Жолдун баарын ээлеп алышат”,- деп нааразычылык билдирген эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















