super.kg logo

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы менен Кытайдын Илимдер академиясынын ортосунда кызматташуу боюнча келишим түзүлдү

 

Кечээ, 22-апрелде КРнын Улуттук илимдер академиясынын Геология институтуна Кытай Эл Республикасынын Илимдер академиясынын вице-президенти Жанг Япинг баш болгон кытай делегациясы келди. Бул тууралуу КРнын УИАнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, бул иш-чаранын алкагында Кыргызстандын академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунда Борбор Азияда экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Кыргыз-кытай илимий-изилдөөчү борбор ачылды. Жанг Япинг иш сапарында КР УИАнын президенти, академик Абдыганы Эркебаев менен КР УИА жана Кытай Эл Республикасынын Илимдер академиясынын ортосундагы кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту.   

КРнын Улуттук илимдер академиясы жана Кытай илимдер академиясы төмөнкү олуттуу багыттар боюнча кызматташат:

  • Табигый жана техникалык илимдер тармагында фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөр;
  • Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн окумуштуулар жана адистерди керектүү маалыматтар менен камсыз кылуу, анын ичинде аткарылып жаткан программалар, илимий ачылыштар, илимий мекемелер боюнча маалымат банктары жана маалыматтар, илимий конференциялар жана форумдар боюнча;
  • Илимий иштерди жарыялоо;
  • Илимий кадрларды даярдаганга, анын ичинде илимпоздорду аспирантурага жана докторантурага, командировкага жиберүү аркылуу аттестациялаганга көмөктөшүү;
  • Илимий конференцияларды, симпозиумдарды жана жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү;
  • Тараптардын кызматкерлеринин илимий кызматташуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.

Тараптар ошону менен катар эле болуп келген илимий байланыштарды үзбөй, өнүктүрүп жана биргелешкен программаларды менен долбоорлорду аткарууда илимий мекемелердин кооперациясын жана катышуусун колдоо боюнча макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: