Өткөн сутка ичинде республика боюнча 42 өрт кырсыгы катталды
Өткөн сутка ичинде республика боюнча 42 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Өрткө каршы мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 10, Ысык-Көл облусунда 13, Нарын облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 4, Талас облусунда 3, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы катталган.
Бишкек шаарынын 12-кичи районунда Бишкек троллейбус башкармалыгына караштуу диспетчердик вагондо өрт чыккан. Анда вагондун ичинин 20 чарчы метри күйгөн. Тилсиз жоонун келип чыгуусуна электр жабдууларын колдонуудагы эрежелердин бузулушу себеп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.