super.kg logo
  Спорт  

УЕФАнын Чемпиондор Лигасы: “Атлетико” менен “Челси” 0:0 эсебинде тең ойношту

 
"Атлетиконун" лидери Диего Коста оюн эсебине өзгөртүү аракеттерин көп көргөнү менен, чабуулда ийгиликтүү боло алган жок.
Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө коноктордун дарбазачысы Пётр Чех жаракат алып, анын орду Марк Шварцер менен толукталды.
Оюндун экинчи бөлүгүндө борбордук коргоочу, "Челсинин" капитаны Жон Терри жаракат алып, майдандан кетүүгө аргасыз болду.
Фернандо Торрес башкы курамда чыгып, өзүн тарбиялаган "Атлетикого" каршы ойноду.

УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым финалынын алгачкы оюнунда кечээ, 22-апрелде мадриддик “Атлетико” өз үйүндө лондондук “Челси” менен беттешип, 0:0 эсебиндеги тең чыгуу катталды.

Мадриддик клуб оюндун жүрүшүн толук көзөмөлгө алганы менен, өз мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана алган жок. Ал эми “Челсинин” оюнчулары дарбазаны кургак сактоого туураланган ыкмада ойноп, толук бойдон коргонууда ойношту.  

Кошумчалай кетсек, бул командалар 2 оюндун жыйынтыгы менен Чемпиондор Лигасынын финалчысын аныкташат. Жооптук оюн 30-апрелде Лондондо өтөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.04.2014. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
самый скучный и дохлый матч нынешного ЛЧ!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: