super.kg logo
  Саясат  

Айбек Өмүралиев Бишкек мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды

 

Бүгүн, 23-апрелде Айбек Өмүралиев Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов кол койду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми башкармалыктын мурунку жетекчиси Молдокмат Тезекбаев жеке арызынын негизинде кызматтан бошоду.

Маалымат үчүн:

Өмүралиев Айбек Медербекович 1970-жылы туулган. Москвадагы Н.Э.Бауман атындагы ММТУ окуу жайынын механизация жана технология факультетин, Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы КУУнун экономика факультетин бүтүргөн. Учурда КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратурада билимин улантууда.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: