super.kg logo

Бишкекте бейтаптын өтүнөн узундугу 8 сантиметр келген таш алынды

 

Бишкектеги №1-шаардык клиникалык ооруканадан бейтаптын өтүнөн узундугу 8 сантиметр келген таш алынды. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде SUPER.KG порталына аталган оорукананын профессору Акылбек Мусаев маалымдады.

“Ооруканага денесинин баары саргарып кеткен, жашы 60тан өтүп калган айым кайрылган. Анын айтымында, ал бир жумадан бери өзүн жаман сезип жаткан. Саргайып кеткен өңүн көрүп, анын өтү иштебей жатканын түшүндүк. Бейтапты ультрадобуштук изилдөөдөн өткөргөн соң, анын өт баштыкчасында чоң таш бар экени аныкталган. Мындай учурларда операция 30 мүнөт эле жасалат. Бирок бул операция оор болуп, 2,5 саатка созулду. Таш өсүп, өттүн түтүкчөсүн оюп, тешип кеткен экен. Натыйжада өт баштыкчасы ага турган түтүкчө алынып, ал ичегиге жабыштырылды”,- дейт профессор.

Анын айтымында, бейтаптар ооруганына карабастан, чыдап жүрө беришет. Натыйжада бул өздөрүнүн ден соолугуна зыянын тийгизет.  

“Эртең барам деп жүрө берип, оорлошуп кеткенге жеткирбей, дарыгерлерге өз убагында көрүнүп тургула”,- деп кошумчалады А.Мусаев.       






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
23.04.2014. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Медиктер ушундай таштар эмнеден пайда болоорун кайра-кайра айтып туруусу керек. Ролик тартып. Баары тамактан.
23.04.2014. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактай гор чоон муштумдай эле таш экен го. Байкуш бейтап кантип чыдап журду экен. Негизи кобу эле финансы жактан жетишпей корунбой журо беришет да отушуп кетет. А айрым учурда врачтар туура иагноз коеалышпайт да анан ушундай болгон до билинет да
23.04.2014. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
врачтарга ишенбей озубузду карайлы достор .бул таш негизинен куурулган тамактан болот .куурулуп жаткан тамака даамду болсун деп туз сала койобуз ошондо туз майга тийгенде ээрибей эле тетрисинче таш болуп колот .анан ошол таштар жегенде бойроко барып такалып калат .алдын алуу жолу тамака тузду суу куйгандан кийин салыш керек сууга туз ээрип кетет
23.04.2014. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эрик каракулжа туура айтасыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: