Жогорку Кеңеште мөңгүлөр тууралуу мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү
Жогорку Кеңеште бүгүн, 23-апрелде мөңгүлөр тууралуу мыйзам долбоорун депутаттар 3-окууда колдоого алышып, добуш берүүгө жөнөтүштү.
Демилгенин автору, депутат Эркингүл Иманкожоеванын билдиришинче, мыйзам долбоору Кум-Төрдөгү мөңгүлөрдү, экологияны сактап калууга багытталып жатат. Буга чейин депутат мөңгүлөргө келтирилген зыянды төлөтүү кыйын болуп жатканын, бул боюнча мыйзам жок экенин билдирген эле. Мыйзам кабыл алынып калса, "Кумтөр" ишканасындагы экология маселелери жөнгө салына турганын кошумчалаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

