Талас облусунда болгон катуу шамал Бейшеке айылындагы Маданият үйүнүн чатырын учуруп кетти
Кечээ, 22-апрель күнү саат 15:30дан 18:00гө чейин Талас облусунун аймагында катуу шамал катталды. Анын ылдамдыгы секундуна 16 метрден 28 метрге чейин жетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 23-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, катуу шамал Кара-Буура районунда жайгашкан Бейшеке айылындагы Маданият үйүнүн чатырын учуруп кеткен. Учурда Жарандык коргоону комиссиялары тактоо иштерин жүргүзүшүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:19
2025-10-02

16:43
2025-10-02
10:49
2025-10-02
19:54
2025-10-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.