super.kg logo

Жалал-Абадда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо боюнча жыйын өттү

 

22-апрелде Жалал-Абад облустук администрациянын жыйындар залында КРнын Ички иштер министрлигинин Э.Алиев атындагы Академиясынын окутуучулук-проферссорлук курамы өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо боюнча жыйын өткөрдү. 

Ага Жалал-Абад облустук ички иштер органдарынын, Ооган согушунун ардагерлери жана облус боюнча мектептердин директорлору, ата-энелер комитеттеринин мүчөлөрү катышты.

Облус боюнча өспүрүмдөр арасында оор жана өзгөчө оор кылмыш кылуунун саны азайды. Буга коомчулуктун өспүрүмдөр менен иштешүүсү жана профилактикалык, спорттук иш-чаларалардын көп өткөрүлүшү себеп болду. Негизинен биз кылмыштуулукту баштаган ар бир бала жана алардын ата-энелери менен бетме-бет сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алардын жашоого болгон көз карашын жакшы нукка бура алдык. Бирок биз канчалык спорттук, профилактикалык иш-чараларды көп уюштурбайлы, өспүрүмдөрдүн арасында тартип бузуулар болуп жатат. Буга мисал катары жакынкы убакта болгон Каду айылы менен Кара-Март айылындагы өспүрүмдөрдүн өз ара араздашууларын айтсак болот”,- деди өспүрүмдөрдүн тарбиясы, коомдогу абалы тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин коомдук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Ибрагим Шатманалиев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: