Геология агенттигинин башчысы: “Кендердин иштешине каршы чыккан жашоочуларга буга чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн эмес”
Кен байлыктардын иштешине каршы чыккан жашоочуларга буга чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн эмес. Муну парламентте бүгүн, 23-апрелде Геология жана жаратылыш ресурстары агенттигинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев билдирди. “Жергиликтүү калктын нааразычылыгынан улам бир катар кендер иштебей жатат. Өлкөнү кыдырып чыктым, анализдеп көрсөк, кен тармагы боюнча элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн эмес. Жалган экологдор пайда болуп калыптыр. Системдүү планды иштеп чыктык, ушу тапта түшүндүрүү иштери жүрүп жатат”,- деди Зилалиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

