super.kg logo

Бишкекте Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына арналган митинг-реквием өткөрүлүп, "Георгий лентасы" аттуу акция старт алды (фоторепортаж)

 
Өзгөчө тизилген окуучулар конокторду тосуп алышты.
"Жеңиш" аянтында митинг-реквием башталар алдында.
Иш-чара башталар алдында уюштуруучулар жеңиштин символу катары Георгий ленталарын таратып жатышты.
Ардагерлер жана оорук эмгекчилери иш-чаранын башталышын күтүп жатышат.
Ардактуу коноктор бири-бири менен учурашып, ал-жай сурап жатышат.
Ардактуу коноктор бири-бири менен учурашып, ал-жай сурап жатышат.
Митинг-реквиемди окуучулар хор менен ачышты.
Бишкек шаардык бийлик өкүлдөрүнүн катышуусундагы салттуу иш-чаранын ачылышында гимн аткарылып жатат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни обого жаңырууда.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни обого жаңырууда.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни обого жаңырууда.
Окуучулар ардагерлерге даярдап келген ырларын тартуулашты.
Басымдуу түрдө согушту жектеп, тынчтыкты жактаган ырлар аткарылды.
Мектеп окуучулары ардагерлерге арналган ырларын тартуулашты.
Иш-чарага катышкан мектеп окуучусу: "Бийлик өкүлдөрү миллиондогон акча каражатты куралдарга эмес, оюнчуктарга сарпташ керек",- деди.
Орто мектептин Андрей аттуу окуучусу: "Менин туугандарымдан эч ким согушка катышкан эмес. Бирок бүгүнкү иш-чарага келген ар бир ардагерди мен өзүмдүн чоң атам катары эсептейм",- деп айтты.
Окуучулар хор аткарган соң ардагерлерге баш ийип таазим кылышты.
Бишкектин вице-мэри Айгүл Рыскулова: "10-майга чейин борбор калаанын ар бир районунда Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке арналган иш-чаралар уюштурулат".
Кыргызстандагы Орусиянын элчиси Андрей Крутько: “Акыркы 9 жылдан бери “Георгий лентасы” акциясы 30 өлкөдө өтүп жатат. Ардагерлердин жана оорук эмгекчилеринин эрдигин жаңы муунга үлгү катары көрсөтүү, аны биле жүрүү биз үчүн өтө маанилүү”.
Бийчилер ардагерлерге вальс тартуулашты.
"Жеңиш күнү" аттуу ыр ырдалып жатканда ардактуу коноктор ордуларынан туруп турушту.
"Жеңиш күнү" аттуу ыр ырдалып жатканда коноктор ордуларынан турушту.
"Жеңиш күнү" ("День Победы") ыры ырдалууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар ардагерлерге гүлдөрдү тартуу кылышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар ардагерлерге гүлдөрдү таратышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар ардагерлерге гүлдөрдү таратышты.
Митинг-реквием аяктаганда Өчпөс отко гүл коюлду. Бул жөрөлгөнү Орусиянын өкүлдөрү башташты.
Өчпөс отко гүл коюу аземин Орусиянын өкүлдөрү: элчи Андрей Крутько жана анын жардамчысы баштап берди.
Гүл коюуну Орусиянын өкүлдөрүнөн кийин Бишкектин вице-мэри Айгүл Рыскулова колго алды.
Митинг-реквием соңуна келген учур.
Саамалык Өчпөс отко гүл коюу менен аяктады.
Өчпөс отко гүл коюу аземинен...
Митинг-реквием Өчпөс отко гүл коюу менен аяктады.
Митинг-реквием Өчпөс отко гүл коюу менен аяктады.
Өчпөс отко гүл коюу аземи.
Митинг-реквием аяктаганда ардагерлер жана алардын туугандары эстеликке сүрөткө түшүштү.

Бүгүн, 23-апрелде Бишкектин "Жеңиш" аянтында 1941-1945-жылдардагы фашизмге каршы согуштагы Улуу Жеңишке арналган митинг-реквием өткөрүлүп, "Георгий лентасы" аталышындагы акция старт алды. Иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери ардактуу конок катары чакырылышты. Алардын дарегине Бишкектин мэриясынын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, Орусиянын элчилиги, Орусия менен кызматташуу уюмунун жетекчилиги жана мектеп окуучулары ыраазычылык сөздөрүн айтышты.

Бишкектин вице-мэри Айгүл Рыскулованын айтымында, 10-майга чейин борбор калаанын ар бир районунда Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке арналган иш-чаралар уюштурулат. Андан соң ал ардагерлерге кайрылып, “биздин жаштар сиздерден үлгү ала алышат, анткени биз сиздер менен сыймыктанабыз” деди.

Кыргызстандагы Орусиянын элчиси Андрей Крутько: “Акыркы 9 жылдан бери “Георгий лентасы” акциясы 30 өлкөдө өтүп жатат. Ардагерлердин жана оорук эмгекчилеринин эрдигин жаңы муунга сактап калуу биз үчүн өтө маанилүү”,- деп айтты.

Улуу Ата Мекендик согушка катышып, эки жолу жаракат алган 91 жаштагы ардагер Пётр Чесноковдун айтымында, ал фашизмди жеңип, жаркын келечекке жетүү үчүн согушкан. “Учурунда мен Кыргыз улуттук университетинде иштеп, дене тарбия жөнүндө бир топ китептерди жарыкка чыгаргам”,- деди ардагер.

Ал эми Андрей аттуу мектеп окуучусу: “Менин туугандарымдан эч ким согушка катышкан эмес. Бирок бүгүнкү иш-чарага келген ар бир ардагерди мен өзүмдүн чоң атам катары эсептейм”,- деп баса белгиледи.

Митинг-реквием Өчпөс отко гүл коюу аземи менен аяктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
23.04.2014. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу ардагер, аталар-энелер, силерге данк жана дунк!!!!!
23.04.2014. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аалы Токомбаевдин уулу өзүнүн эле көчүрмөсү экен, акынды көргөндөй болуп жатам.
23.04.2014. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы иш-чара болуптур, өзгөчө ак кофта, кара юбка кийген мектеп окуучулары көзгө жылуу көрүнөт экен...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: