Депутаттар айымдарды сойкулук ишке тарткандарды 8 жылга чейин эркинен ажырата турган мыйзам долбоорун талашып-тартышууда
Парламентте бүгүн, 23-апрелде айымдарды сойкулук ишке тарткан жарандардын жоопкерчилигин күчөтө турган мыйзам долбоору талкууланууда. Демилгечи депутат Кожобек Рыспаев мыйзам долбоору боюнча депутаттардан сунуштар түшпөгөнүн билдирди. Ага ылайык, күч колдонуу же коркутуу, опузалоо, мүлкүн жок кылуу же алдоо жолу менен айымдарды сойкулукка тарткандар 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми мындай иштер уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, алардын мүлкү конфискацияланып, өздөрү 5 жылдан 8 жылга чейин кесилмекчи.
Депутаттар мыйзам долбоорундагы кемчиликтерди айтышууда. Ыргал Кадыралиева сойкулук менен алектенген кыздардын өзүн да камоо керектигин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

