Кыргызстанда жыл сайын 1 миллион 800 миң бала профилактикалык эмдөөдөн өтөт
Кыргызстанда жыл сайын 1 миллион 800 миң бала профилактикалык эмдөөдөн өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Республикалык эмдөө борборунан маалымдады.
Маалыматта белгиленгендей, жыл сайын Бишкекте 1 жашка чыга элек 25 миң бала эмдөөдөн өтөт. Эмдөөдөн кийин ийне сайылган жери кызарышы мүмкүн. Бирок оорлошуп кеткен учурлар катталган эмес.
Ошондой эле ар бир ата-эне өз баласына өзү жоопкер экенин билүүсү шарт жана эмдөөдөн баш тартканда баланын ооруп калышына алып келиши мүмкүн. Ошон үчүн мунун алдын алып, тиешелүү эмдөөдөн өткөрүп туруу зарыл экенин эскертишет дарыгерлер.
Эске салсак, Кыргызстанда 22-апрелден 26-апрелге чейин “Европалык эмдөө жумалыгы” өткөрүлүп, жугуштуу оорулардын алдын алуу иш-чаралары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

А эмнеге "Европалык"? Ошолор каржылайбы? Же ошолордун ыкмасыбы (метод)? Кыскасы, буларсыз иш кыла албай калдык го...