super.kg logo
  Саясат  

Ички иштер министри: “Операция Ы” тасмасындагыдай системди колдонууга макулмун"

 

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги “Операция Ы” тасмасындагыдай системди колдонууга макул жана милиция кызматкерлеринин жарандардын коомдук иштерди аткаруусун көзөмөлдөшүн колдойт. Бул тууралуу ички иштер министри Абдулда Суранчиев парламенттин 23-апрелдеги жыйынында билдирди.

Айтымында, депутат Дастан Бекешев демилгелеп жаткан мыйзам долбоор туура.

“Биз “Операция Ы” киносундагыдай, тартип бузган жарандарды коомдук жумуштарга жөнөтүү системин кошсок болот. Аны аймактык милиция кызматкерлери көзөмөлгө алып турса болот”,- деди Суранчиев.
Аталган мыйзамдын демилгечиси депутат Дастан Бекешевдин айтымында, тартип бузган жарандарды 15 күнгө кармап отурбай, аларды коомдук жумуштарга тартуу керек. 
Ал эми депутат Ирина Карамушкина анда сойкулук кылып кармалган кыздарды да көчө шыпыртуу керектигин кошумчалады. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: