Мыктыбек Абдылдаев “өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча позициям өзгөргөн жок” дейт
Парламенттин 23-апрелдеги жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев “өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча позициям өзгөргөн жок” деп билдирди. Айтымында, ал мындай чечимге “Ата Журт” фракциясынын өткөн аптадагы жыйынында келген.
“Мен ошол позицияда калам. Өткөн аптада фракция жыйынында энергетика маселесин карадык. Энергетика министрине (ред. Осмонбек Артыкбаев) Камбар-Ата 1 ГЭСи боюнча тапшырма бергем. Ал мага сөз берген, “Камбар-Ата 1 ГЭСинин техникалык экономикалык негиздемесин 2-күнгө чейин жиберем” деп. Бүгүн 3-күн бүтүп бара жатат, бере элек”,- дейт депутат.
Депутат өзүнө карата маалымат булактарында негизсиз каралоолор болуп жатканын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

