super.kg logo
  Саясат  

Бөдөш Мамырова депутаттарды залда кыйкырып, колун булгалабоого чакырды

 

Жогорку Кеңештин 23-апрелдеги жыйынында добуш берүүдөгү туура эмес иштер боюнча талаш-тартыш жаралды. Айрым депутаттар жыйынга катышпаган депутаттардын атынан мыйзамдарга добуш берилип жатканын айтып чыгышты. Ташполот Балтабаев төраганы сынга алды. “Залдагы тартипти биз эмес, төрага катары сиз камсыз кылышыңыз керек. Мыйзам деген оюнчук эмес”,- деп билдирди депутат.

Асылбек Жээнбеков “Сиздин ордуңузга башка бирөө келип добуш бербейт. Өзүңүздүн жаныңыздагы депутаттардан сураңыз. Өзүңөр көзөмөлгө алгыла, азырынча андан башка механизм жок” деген жооп узатты.  

Депутат Бөдөш Мамырова депутаттарды добуш берүү учурунда үгүт жүргүзбөөгө чакырды. “Залда бири-бирине кыйкырып, колун булгалап добуш берүүгө үгүттөшү абдан жаман көрүнөт. Муну токтотолу”,- деди Мамырова. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: