super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев депутат Абдиевге: “Мени менен болбосо да, логика менен достошпойсузбу?”

 

Жогорку Кеңештин 23-апрелдеги жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев акыйкатчыны шайлоо тартибине өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп жатат. Анын билдиришинче, төрага, министрлер, соттор, комитет башчылары кандай шайланса, акыйкатчы да ошондой жол менен шайланышы керек. “Мурда жумшак рейтинг деп бир депутат бир нече талапкерге добуш берип, процесс татаалдашып кетчү. Ушуну өзгөртөлү деп жатабыз”,- деди депутат.

Буга депутат Курмантай Абдиев каршы чыкты. “Демократиялуу жол менен кетебиз десек, акыйкатчы шайлоону мурункудай бойдон калтыралы. Мындай кылсак, коалициялык көпчүлүк сунуштаган талапкер гана өтөт” деген сын айтты ал.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси “бир депутат бир добушка ээ деген принципти көп эле учурда, анын ичинде комитет төрагаларын шайлаганда колдонуп жатабыз го” деди эле, Абдиев “комитет төрагаларын шайлоодо өтө берет” деген жооп узатты.

Мындан кийин Өмүрбек Текебаев: “Демократиянын принциби бузулат деп жатасыз. Эмне, сиздин оюңузча, комитет төрагаларын шайлоодо ал принцип бузула берсинби? Логика кайда? Мени менен достошпосоңуз да, логика менен достошпойсузбу? Сиз терең жаңылышасыз”,- деди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: