super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Эл аралык каржы корпорациясы Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү экенин айтты

 

Бүгүн, 23-апрелде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Орто Азия боюнча Эл аралык каржы корпорациясынын аймактык мүдүрү Моаззам Мекан жана Бишкектеги кеңсесинин жетекчиси Мартин Негел менен жолукту.

Өкмөт башчы Эл аралык каржы корпорациясы Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүндө олуттуу өнөктөшү экенин белгилеп өттү. Анын айтымында, 2013-жылдын 31-декабрына карата Эл аралык каржы корпорациясынын портфели экономиканын каржы жана кайра иштетүү тармагында 30 миллион доллар болгон.

“Эл аралык каржы корпорациясы – Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү, уюмду бул жерде кеңейткенибиз зарыл. Биз уюмдун ишине ыраазычылык билдиребиз, Кыргызстанда уюмдун портфели көбөйүшү керек. Бир жыл мурун өлкөнүн экономикасы өсө баштаганда бул өтүнүчүмдү айткан элем. Учурда да экономиканын туруктуу өнүгүшүн байкоого болот. 2014-жылдын 1-кварталына ылайык, ички дүң продукциянын көлөмү 5,6 пайыз болду”,- деди Жоомарт Оторбаев. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: