super.kg logo
  Саясат  

Парламентте “Кыргызгаздын” башчысынын депутаттарга маалымат бербей кетип калышына уруксат берилген жок

 

Парламентте бүгүн, 23-апрелде вице-спикер Төрөбай Зулпукаров “Кыргызгаздын” башчысы Тургунбек Кулмурзаевдин депутаттарга маалымат бербей кетип калышына уруксат берген жок. Анын суранычын жыйында айрым депутаттар айтышып, “Маселени комитет, фракцияларда карап жатабыз го. Газ жок учурунда парламентте күтүп отура бербей, иштей берели” дешүүдө. 2 депутаттын чакыруусу менен эртеден бери күтүп отурушат, каршылык жок болсо кете беришсин” дешти.

Буга вице-спикер макул болгон жок. “Чакырылгандан кийин депутаттарга маалымат беришсин” деди ал.

Айта кетсек, эртең менен депутат Дастан Бекешев Ош шаарындагы 100 миңдей жаран газсыз отурганын айтып, бул боюнча тийиштүү мекеменин башчыларынын маалымат беришин талап кылган эле. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: