super.kg logo

Кичинекей баласы менен жолдон өтүп бара жаткан 26 жаштагы айымды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

 

Аламүдүн айылында кичинекей наристеси менен бара жаткан 26 жаштагы айымды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 20-апрель күнү саат 21:40 чамасында Курманжан датка көчөсүнөн белгисиз үлгүдөгү унаа 26 жаштагы жанында баласы бар айымды сүзүп кеткен. Алган жарааттардан аталган айым окуя болгон жерде көз жумуп, наристе оор абалда ооруканага жеткирилген. Бул окуяга байланыштуу укук коргоо кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында унаадан калган сынык бөлүктөр Ауди үлгүсүндөгү унаага таандык экени байкалып, кылмышка шектүү катары Ленин айылынын 36 жаштагы тургуну кармалды.

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.04.2014. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдык касиетини сактап жардам берсе тируу калмак ошол шефер. Жазасын алсын эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: