super.kg logo
  Саясат  

Абдыманап Кутушев: "2010-жылкы Конституцияга ылайык, бир катар мыйзамдардын жоболорун бири-бирине шайкеш келтирүү зарылдыгы жаралууда"

 

Жогорку Кеңеште бүгүн, 23-апрелде бир катар улуттук мыйзамдардын жоболорун бири-бирине шайкеш келтирүү боюнча өкмөттүн демилгеси каралып, 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбооруна ылайык, "КРнын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу", "Муниципалдык кызмат жөнүндө", "Аксакалдар соттору жөнүндө", "Шаар куру жана архитектура жөнүндө" жана башка бир нече мыйзамдарга түзөтүү киргизилгени жатат.

"2010-жылы КРнын Конституциясынын жаңы редакциясы кабыл алынып, бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилди. Мисалы, азыр "шаар тибиндеги калктуу конуш" деген түшүнүк жоюлуп, шаарга же айылга айланды. Андан сырткары "жергиликтүү кеңеш", "айыл округу", "өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү" деген жаңы түшүнүктөр киргизилди. Ошондон улам мыйзамдарда камтылган айрым түшүнүктөрдү бири-бирине шайкеш келтирүү зарылчылыгы пайда болду",- дейт депутат Абдыманап Кутушев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: