super.kg logo

Гүлнур Сатылганова концертинде Майкл Жексонго ыр арнады (фоторепортаж)

 
Гүлнур Сатылганова Жер шарынан чыгып, элге "Асман" ырын тартуулады.
Ырчы "Камбаркан" фольклордук ансамблинин коштоосунда ырларды аткарды.
Концерттин жүрүшүнөн.
Ырчы кайсы темада ырдаса, сахна жасалгасы ошого жараша өзгөрүп жатты.
Кыргыз элинин белгилүү ырчысы Зейнеп Шаакеева көрүүчүлөрдүн катарынан орун алып, ырчыга гүлдесте сунду.
Ырчыны профессионал музыканттар коштоду.
Концертте ырчыны "Жаш кыял", "Ханыша", "Will`be", "Remix" бий топтору коштоду.
Гүлнур Сатылганова "Туулган жерди сагынуу" ырын аткарганда сахна жасалгасы айыл жергесин чагылдырды.
Концерттин алып баруучулары Эркин Рыскулбеков жана Омар.
Концерттин жүрүшүнөн.
Концерттин жүрүшүнөн.
"Will`be" бий тобу элге бий тартуулоодо.
Концертте Гүлнур Сатылганова жаш ырчылар менен дуэт аткарды.
Концерттин жүрүшүнөн.
Концерттин жүрүшүнөн.
Концерттин жүрүшүнөн.
Көрүүчүлөр сурантпай кол чаап, ырчыны кубаттап отурушту.
Эркин Рыскулбеков Гүлнур Сатылгановага Рекорд деген лакап ат ыйгарып, анын кыргыздын эң жаш Эл артисти экенин айтты.
"Style Mix" тобу да өз өнөрүн тартуулады.
Гүлнур Сатылганова "Style Mix" тобу таланттуу жаштардан куралгандыгын айтып, аларга ийгилик каалады.
"Гүлнур эжем аккордеон менен жандуу ырда" деди. Мен үчүн эжемдин айтканы мыйзам" деп "Эркинай" ырын аткарды.
Концерттин жүрүшүнөн.
Бүгүн, 23-апрелде Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Эл артисти Гүлнур Сатылганова "Керемет дүйнө" аталышындагы жеке концертин тартуулады. Кече саат туптуура 18:40та башталды. Ырчы көптөн бери жеке концертин бербегенгеби, күйөрмандары залдын 100 пайызын ээледи. Көрүүчүлөрдүн көпчүлүгүн улуу муундагы апалар, ага-эжелер түзүштү. Алардын арасында кыргыздын белгилүү ырчысы Зейнеп Шаакеева да отурду. Ал ырчыга гүлдесте сунуп, ийгилик каалады. 
Көшөгө ачылып, сахна космос ааламына айланып, бийчилер бийлеп киришти. Бир убакта сахнанын так ортосунда Жер шары пайда болуп, анын ичинен көптөн күткөн Гүлнур айым чыгып, "Асман" ырын тартуулады. Бул ырынан кийин ал эл менен амандашып, көрүүчүлөрдү бүгүнкү ыр майрамы менен куттуктап, "Туулган жер", "Нандын жыты" чыгармаларын сунуп, сахнага телеалпаруучу Эркин Рыскулбеков менен ырчы Омарды чакырып, аларга концерттин алып баруу тизгинин тапшырды.
Эл артистинин кечесине аябай даярдангандыгы сахнанын жасалгасынан, "Камбаркан" фольклордук ансамблинин, музыканттардын коштоосунда жандуу ырдап, улам жаңы формаларды кийип чыкканынан эле билинип турду. 
Жеке концерт деп ушуну айтыш керек. Деген себебим, концертте жалаң ырчынын өз аткаруусундагы ырлары жаңырды. Бек Борбиев жана "Style Mix" тобунун гана бирден ыр аткарганы болбосо, Гүлнур Сатылганова концертине келген конок ырчылар Арсен, Мирбек Атабеков, Бек Борбиев, Айар жана "Style Mix" тобу менен дуэт ырдады. Эң кызыгы, ырчы концертинде "Бул ырды кандай кабыл аласыздар, кандай сындарды айтасыздар билбейм. Аны мага кытайлык ырчы Куандык Жаасын уулу сунуштаган. Өзүмө жакты. Бул ыр дүйнө жылдызы Майкл Жексонго, деги эле көзү өтүп кеткен ырчыларга арналат" деп "Таазим" аттуу ырын тартуулады. Келген эл бул ырды өзгөчө кабыл алды.
Таланттуу ырчыбыз 4 саат бою Ата Мекен, сүйүү, ата-эне жана жашоо тууралуу ырларды тынбай ырдап, күйөрмандарына эң жакшы маанай, эстетикалык рахат тартуулай алды. Концерттин соңунда бул кечеге катышкан бардык ырчылар сахнага чыгып, Гүлнур Сатылганованын "Каалайм сага" деген ырын ырчыга сюрприз катары тартуулап, бирден роза гүлүн сунушту.
Ошентип, билетке 700-1000 сом коротуп келген эл сахнанын көшөгөсү жабылганга чейин кол чаап ырчыны узатып, көңүлдүү маанайда тарап кетти.





Гүлнур Сатылганова Майкл Жексонго ыр арнады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(91)
24.04.2014. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
konserttin videolorun suranabiz! chet olkodo bolbosom konsertke barmakmin. jok degende uzundulorunon koygulachi soopchulukka
24.04.2014. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulumay, Саламатсызбы!
Аракет кылабыз.
24.04.2014. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan,
Konul burganiniz uchun chon rahmat! Ishinerge iygilik kaalaym! Maga en kop Bek Borbiev mn Gulnur ejenin dueti kizik. Ekoon ten ayabay siylaym irlarin ukkanda, alis jerde jursom da ayilga barip kelgendey es alip, ergip ketem. Kanatim bolso ayilima ucup ketkim kelet. Tuulgan Jerdin topuraginan aylanayin!!!
24.04.2014. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азия Микс эмес, style mix группасы. Концерт укмуштай сонун болду, аябай эс алдым. Озгочо жакканы мага wil be балдар бийчилер тобунун бийлегкндери жана Майкл Жексонго арнап ыраган ыры болду. Гульнур эжеге ийгилик
24.04.2014. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн сооонун эжеке талантынвзга тааазим
24.04.2014. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Концертке жакшы даярданганы байкалып турат. Гулнур эжекеге ийгилик.
24.04.2014. 04:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Майкылга арнаган ырын жуктоп койгулачы супер инфо,гулнур эженин.
24.04.2014. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sonun boluptur
24.04.2014. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulnur eje beremenyi emesbi
24.04.2014. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Концертин качан коро алабыз сиздерден.
24.04.2014. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушул эжекем жагат да
24.04.2014. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гүлнур эже ар дайым СУПЕР да
24.04.2014. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Майкл Жексонго арналган ыры, willbe балдар бийчилер тобунун коштосунда укмуштудай сонун болду, мен аябай берилип уктум. Ошол ырын жуктоп койсонор аябай ыраазы болмокмун super.kg.
24.04.2014. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kuab.kq.8705 senda baikap koydunbu maga da oshondoi sezildi
24.04.2014. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Беременный эмес эжекебиз. Болгону тулку бойду жашыра турган койнокторду кийиптир. Туура кылат 45 аялдын формасы да анан эмне чапташтырып кийинип алса болбой калбайбы 25 теги кызга окшоп
24.04.2014. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
momuntay, туура 46 чыккан аял ушундай кийингени дурус, бирок кызыл койногу Роза шакирова, жашыл койногу Алина Жетигенованын койногунун кочурмосу болуп калыптыр. Концертте жакшы номерлер болду. Бирок кийин ырлары бири бирине окшош кичине жадатып ийгиндей болду. Ийгилик.
24.04.2014. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мына чыныгы концерт
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: