super.kg logo

Кыргызстанга Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы иш сапары менен келет

 

23-25-апрелде Кыргызстанга Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Неждет Озел башында турган аскер делегациясы келет. Бул тууралуу КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалым болгондой, түркиялык делегациянын расмий сапарынын жүрүшүндө КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев менен жолугушуу пландалууда. Сапардын программасына ылайык, түрк мейманын КРнын Президентинин кабыл алуусу пландалууда.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу аскер кызматташтыгын бекемдөө жана өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышат. Мындан сырткары өз ара милдеттенмелердин чегинде Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу аскер кызматташтыгынын мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланат жана бири-бирине шайкеш келтирүү жактары каралат.

Сапардын алкагында 24-апрелде КРнын Коргоо министри Абибилла Кудайбердиевдин катышуусунда түркиялык делегация КРнын Коргоо министрлигинин Турмуш-тиричиликти камсыздоо мамлекеттик комбинатына тигүү жабдууларын өткөрүп берүү жана кабыл алуу салтанатына катышат.

Эске сала кетсек, Түркия биз менен кызматташкандан бери Кыргызстандын күч түзүмдөрүнө 12 миллион АКШ долларынан ашык материалдык-техникалык жардам көрсөткөн. Алып айтсак, бул мезгил аралыгында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кошуундары менен аскер бөлүктөрү автоунаалар, байланыш каражаттары, оорук жана инженердик каражаттар, түнкү көрүүчү приборлор, медициналык жабдуулар жана оргтехника менен толукталды. Мындан сырткары Түркиянын окуу мекемелеринде аскер кадрларын даярдоо боюнча кызматташтык да улантылууда. Айтмакчы, 1993-жылдан тартып ушул убакка чейин Түркиянын аскердик-окуу мекемелеринен 100дөн ашык адис даярдалган. Азыркы учурда 20дан ашык аскер кызматчысы окуп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: