super.kg logo
  Саясат  

Абдырахман Маматалиев “Кыргызстан жарандык коомду бекемдөөгө багытталган кеңири масштабдагы реформаларды колдойт” дейт

 

Сиздердин ар тараптуу колдооңуздардын аркасында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө багытталган бир катар биргелешкен долбоорлор ишке ашууда”,- дейт вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев. Ал мындай пикирин 23-апрелде ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, элчи Сергей Капиносту кабыл алууда билдирди.

Биз терең жана кеңири масштабдагы реформаларды ишке ашырууну улантышыбыз керек. Алар коррупция менен күрөшүүгө, эркин экономикалык атаандаштыкка алып келген, өкмөттүн ишмердүүлүгүн айкын көрсөткөн, жарандык коомду бекемдөөгө багытталган, ЕККУ менен мамиленин өзөгүн түзгөн реформалар”,- деди Абдырахман Маматалиев.

Тараптар кырдаалдык бөлмөлөрдү түзүү менен кризистик башкаруу системин жакшырткан долбоор тууралуу сөз кылышты.

ЕККУ борборунун башчысы жакында дагы бир топ долбоорлорду ишке ашырууну мерчемдеп жатышканын айтты. ЕККУ коррупция менен күрөшүүдө кызматташууга даяр.

Кыргыз өкмөтү менен ЕККУ кызматташууну дагы тереңдетүүгө даяр. Биз мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процессин аяктоого жардам берүүгө даярбыз. Мындан тышкары бизде өлкөнүн өнүгүүсүнө ылдамдык берген инфраструктуралык долбоорлор да бар”,- деп сөзүн жыйынтыктады Сергей Капинос.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: