super.kg logo

Ош облусунда жаңы атылган күрөң аюунун териси табылды

 

Ош облусунда жаңы атылган күрөң аюунун териси табылды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматы бүгүн, 24-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, КРнын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ош шаары, Ноокат, Араван, Кара-Суу райондор аралык башкармалыгынын инспекторлору жана браконьерлерге каршы күрөшүү "Барс" тобунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам рейд учурунда 2014-жылдын 21-апрель күнү кечки саат 17:00дө Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айылынын тургуну Кочкоров Алмазбектен жаңы атылган күрөң аюунун териси табылган. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында аталган жаран аюунун терисин сатуу максатында алып бара жаткандыгы маалым болгон. Натыйжада анын жаратылышка жана жаныбарлар дүйнөсүнө 400 000 сомдук зыян келтиргени аныкталып, окуя болгон жерден протокол түзүлүп, иликтөө иштери Облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: