Жогорку Кеңеш бүгүн, 24-апрелде Ахматбек Келдибеков боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгын угат
Парламенттин 23-апрелдеги жыйынында депутат Ахматбек Келдибековдун Башкы прокуратура тарабынан кармалып, УКМКнын СИЗОсуна камалышынын мыйзамдуулугун иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы угулат. Айта кетсек, Келдибеков коррупциялык кылмыштарга шектелип 2013-жылдын 20-ноябрында кармалган. Өткөн жылдын 18-декабрында анын кармалышынын мыйзамдуулугун иликтей турган депутаттык комиссия түзүлгөн эле. ЖКнын 17-апрелдеги жыйынында депутат Абдыжапар Бекматов комиссия ишин бүткөнүн билдирген эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















