super.kg logo

Салттуу музыка жумалыгынын алкагында Күү күнү өткөрүлдү (фоторепортаж)

 
Төкмө акын Азамат Болгонбаев Күү күнүнө арналган концертте алып баруучулук милдетти аркалады.
Концертке келген көрүүчүлөр
Шакен Жоробекова жыгач ооз комузу менен "Чыңгыз" күүсүн аткарды.
Концертке келген көрүүчүлөр
Концертте кыл кыякта да күүлөр ойнолду.
Концертке келген көрүүчүлөр
Бул концертте кыл кыякта да күү ойнолду.
Кыл кыякчылар
Түркиядан келген өнөрпоздор да өзүлөрүнүн улуттук аспаптарында таланттарын тартуулашты. Аткаруучулар Фатих Эренлер жана Гокхан Усал.
Түркиядан келген өнөрпоздор да өзүлөрүнүн улуттук аспаптарында таланттарын тартуулашты.
Түркиядан келген өнөрпоздор да өзүлөрүнүн улуттук аспаптарында таланттарын тартуулашты.
Казакстандан келген Алтынай Жумагалиева домбрасы менен.
Рахатбек Көчөрбаев "Аксаткын менен Кулмырза" элдик дастанын күүгө салды.
Казакстандан келген Нургүл Жакыпбек кызы жетиген аспабы менен.
Казакстандан келген Косбасар Ахмедияров жетиген аспабы менен.
Концерттин жүрүшүнөн.

Кечээ, 23-апрелде Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын кичи залында Салттуу музыка жумалыгынын алкагында Күү күнү өткөрүлүп, кылымдардын кылдарына катылган күүлөр ойнолду. 

“Салттуу музыканын тарыхына кайрылсак, залкар өнөрпоздорубуз баа жеткис рухий мурастарын жаратып, бизге таберик катары калтырган. Ошонун ичинен аспапчылык өнөрүн ала турган болсок, ысымдары уламышка айланган Камбаркан, Кетбукалардан тартып кийинки залкар комузчу, кыякчы, чоорчулардын аттары маданияттын тарыхында алтын тамга менен жазылып калды. Улуу өнөр ээлери Кудайберген, Ниязалы, Токтогул, Карамолдо, Ыбырай, Атай, Кенжекара, Жолой, Мураталы, Саид, Асанбай деген залкарлардын ысымдары аспапчылык өнөрдө орду өзгөчө экенин айгинелейт”,- деп белгиледи “Устат-шакирт” борборунун өкүлү.

Белгилей кетсек, Салттуу музыка жумалыгы акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата өткөрүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: