Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков каза болду
	24-апрелге караган түнү коомдук ишмер жана саясат таануучу Ишенбай Абдуразаков 77 жаш курагында каза болду.
Ишенбай Абдуразаков 1937-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында туулган. Кыргызстандын туңгуч президентинин мамлекеттик кеңешчиси болуп иштеген. 1971-1975-жылдары СССРдин Япониядагы элчилигинде катчы, 1975-1978-жылдары Япониянын Саппоро шаарында СССРдин консулу болуп эмгектенген.
“Кыргызстан-Япония” коомунун президенти, “Келечектин долбоору” саясий изилдөө коомдук фондунун Байкоочу кеӊешинин төрагасы, КРнын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын Көзөмөлдөө кеӊешинин төрагасы, Борбор Азиядагы Америкалык университетинин Көзөмөлдөө кеӊешинин төрагасы.
2007-жылы Кыргыз Республикасынын Данакер ордени менен сыйланган.
Маркумдун артында жубайы Майрамкан Юсупова, уулдары Авазбек, Мурат, кыздары Айнура жана Жыпар калды.
				 
				 
				 
				
 0 
		
		
	
		
	
		
	
		
	
		
	
		
	
		
	1  | 							
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 













