Асылбек Жээнбеков “Жогорку Кеңеш чыгарган токтомдордун аткарылышын май айында “оптом” карайбыз” деди
“Жогорку Кеңеш чыгарган токтомдордун аткарылышын май айында “оптом” карайбыз”,- деди төрага Асылбек Жээнбеков парламенттин 24-апрелдеги жыйынында. Анын билдиришинче, токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөө - парламенттик комитеттердин милдети.
“Комитеттер биз кабыл алган токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөшү керек. Аларга тапшырма берилген, комитет мүчөлөрү, токтомдордун аткарылышын дагы бир сыйра карап чыккыла. Май айында Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомдору жалпы карайбыз”,- деди төрага.
Жыйында бир катар депутаттар парламент кабыл алган токтомдор аткарылбай жатканын айтышкан эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

