super.kg logo
  Саясат  

Каныбек Осмоналиев: “Канат Садыковдун Билим берүү министрлигин "менчиктеп" алганына 4 жылдан ашты”

 

"Министр Канат Садыковдун Билим берүү жана илим министрлигин "менчиктеп" алганына 4 жылдан ашты". Муну парламенттин 24-апрелдеги жыйынында депутат Каныбек Осмоналиев билдирип, бала бакчаларга байланышкан көйгөйлөрдү мисал келтирди.

“Депутаттар саламаттыкты сактоо министри өзү башкарган мекемени "менчиктеп" алганына 2 жыл болгонун айтышты. Канат Садыковдун Билим берүү министрлигин "менчиктештирип" алганына 4 жылдан ашып кетти. Мындан башка сөз айтуу мүмкүн эмес. Аксы, Токтогул райондорун кыдырып чыктым. Бала бакчалардын имараттарын мамлекеттик кызматкерлер ээлеп алышып, бирок жүздөгөн бала бакчага бара албай отурат. Элдин көтөрүлүп чыгып ал имараттарды басып алышы эле калды”,- дейт депутат.

Буга чейин депутат Карганбек Самаков саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеваны сынга алып, аны отставкага кетирүү маселесин көтөргөн эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: