Улуттук банктын мурунку төрайымы Зина Асанкожоева жаңы кызматка дайындалды

Кыргызстандын Улуттук банкынын мурунку төрайымы Зина Асанкожоева Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык
маселелер боюнча комиссиядагы КРнын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп
дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Маалым болгондой, мамлекет башчынын жарлыгы менен
Клименко Илья Петрович Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин
Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз
Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматынан бошотулду.
Белгилей кетсек, Зина Асанкожоева буга чейин 2011-жылдын июнь айынан тарта үстүбүздөгү жылдын 16-апрелине чейин КРнын Улуттук банкынын төрайымы кызматында иштеп келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

