super.kg logo
  Саясат  

Өзбекстандын кыргыз-өзбек чек арасында машыгуу өткөрүшүн депутаттар сынга алышууда  

 

Жогорку Кеңештин 24-апрелдеги жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу Кыргызстандын эгемендигине байланышкан маалыматтарга тынчсызданып жатканын айтып чыкты. Анын билдиришинче, айрым ММКларда “Жакшы жашоо үчүн кыргызстандыктар эгемендүүлүктөн баш тартышабы?” деген тема ачык талкууланып жатат. 

“Айрым ММКлар экстремисттик уюмдардан да өтүп кетишти. "Кыргызстандыктардын 51 пайызы макул" деп ачык эле талкууланып жатат. Буга реакция жасалышын талап кылам. Эртең Украинанын кейпин кийип калсак эмне болот?”- дейт Бакир уулу.

Депутат Өзбекстандын аскердик күчтөрүнүн Кыргызстандын чек арасына жакын жерде машыгуу өткөрүшүн сынга алды. “Алар машыгуу өткөрө турганын бизге бир нече күн мурун эскертиши керек болчу. Биз байкоочу жиберишибиз керек эле. Эл коркуп жатат”,- деди эл өкүлү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: