Эртең Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги отуруму өтөт
Эртең, 25-апрелде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги отуруму өтөт. Анда төмөндөгү маселелер каралмакчы:
1. 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоолорго даярдыктын жүрүшү тууралуу (“Таза шайлоолор – өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн негизи”).
2. 2014-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасы тууралуу.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 15-апрелинде өткөрүлгөн Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынындагы талкуулардын жыйынтыгында күн тартибиндеги маселелерди кароону улантуу тууралуу чечим кабыл алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

