Депутаттар тамеки тармагын бир гана фирманын тейлеп жатышына каршылык билдиришүүдө
Парламент депутаттары тамеки тармагындагы монополияга чек коюу керектигин айтышууда. Муну ЖКнын 24-апрелдеги жыйынында депутат Надира Нарматова айтып чыкты. Депутат Кыргызстанда тамеки тармагына бир гана жеке менчиктеги фирма монополист болуп отурганын белгиледи. “Тамеки өстүрүүнү өнүктүрүү максатында атаандаштык жаратуу үчүн тамеки тармагындагы монополияга жол бербөө керек”,- деди ал.
Нарматова өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлдөрү мындай сунушту протоколдук тапшырма катары кабыл алып, көзөмөлгө алууну тапшырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

