super.kg logo

Баткен. Сүлүктү шаарында жаңы мектептин ачылыш аземи болуп өттү

 

Сүлүктү шаарынын Кольцо айылында Айдарали Каимкулов атындагы №6-орто мектептин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Дилара Парпиева билдирди. Мектеп эки кабаттуу болуп, 225 орунга ылайыкташкан.

Ага Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы Жусупали Исаев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков, Архитектура-курулуш департаментинин башчысы Самат Бөрүбаев жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Жеңиш Разаков куттуктоо сөзүндө: “Жаңы мектеп имаратынын ачылышы менен биз келечек муундарыбызга ыңгайлуу шарт түзүп беребиз. "Ааламга жол айылдан башталат" демекчи, ушул мектептен биздин өлкөбүзгө зор салым кошо турган Исхак Раззаков, Закир Юлдашев сыяктуу улуу инсандар чыгарынан үмүт бар”,- деди.

Айта  кетсек, аталган мектепке республикалык бюджеттен 20 миллион сом бөлүнүп берилген. 2014-жылга карата мектептин имаратына тийиштүү калган жумуштарды аткарууга 24,4 миллион сом акча каражаты каралууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: