Ошто улуттук ордо оюну боюнча "Алтын томпой" Эл аралык мелдеши өткөрүлөт
Ош шаарында 25-29-апрель күндөрү КРнын Улуттук оюндарды өнүктүрүү борбору менен Ош шаардык спорт комитетинин уюштуруусунда улуттук ордо оюну боюнча "Алтын томпой" Эл аралык мелдеш өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде билдирди.
Маалым болгондой, мелдеш Ош технологиялык университетинин спорт аянтчасында өтөт. Ага Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кытай Эл Республикасынын аймагында жашап жаткан этникалык кыргыздардын спорт чеберлеринин келиши күтүлүп жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда, мелдешке 140 спортчу катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.