super.kg logo

Улуттук консерваторияда Оркестр музыкасы жумалыгынын жыйынтыктоочу концерти өтөт

 

Эртең, 26-апрелде Кыргыз улуттук консерваториясында Оркестр музыкасы жумалыгынын жыйынтыктоочу концерти өтөт. Анда музыкалык окуу жайлардын окуучулары Бишкек мэриясынын симфониялык оркестри менен чыгармаларды аткарышат. Концерттин программасында Л.Бетховен, В.Моцарт, Ф.Шуберт, И.Брамс, Ж.Бриччальди, Д.Шостакович жана А.Пояццоланын чыгармалары аткарылат. 

"Жумалык 21-апрелде М.Абдраев атындагы музыкалык мектебинде башталган. Бул иш-чаранын максаты - балдарды оркестрге кызыктыруу. Оркестрде ойноо –  жаңы баштаган музыкант үчүн жакшы мектеп. Өз теңтуштары, окутуучулары жана дирижёрлор менен чыгармачыл баарлашуу",- дейт 24-апрелде өткөн маалымат жыйынында музыкант Райкан Карагулова-Айзенхут.

Райкан Карагулова-Айзенхут М.Абдраев атындагы музыкалык мектебинин скрипка бөлүмүн аяктаган. Учурда Австрияда жашап, ошол жерден окутуучулук кызматты аркалоо менен бирге чыгармачылыгын да тартуулап келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: