Ноокат районунда чагылгандын кесепетинен үзүлгөн электр линиялары калыбына келтирилди
Ноокат районунда чагылгандын кесепетинен үзүлгөн электр линиялары калыбына келтирилди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 24-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, учурда жарыксыз калган 2096 түтүнгө электр энергиясы берилди.
Эске сала кетсек, 21-апрель күнү кечки саат 21:45 чамасында Ош облусунун Ноокат районуна чагылган түшкөн. Анда 14 мамынын ортосундагы 700 метр аралыктагы жогорку чыңалуудагы электр зымдары үзүлүп, жараксыз абалга келген. Натыйжада 2096 кожолуктун жашоочулары жарыксыз калышкан эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

кесепетинен үзүлгөн электр
линиялары дейт го, аябай коркунучтyу болсо керек ээ?