"Кыргызстанда Кызыл китепке кирген аюулардын саны 150гө араң жетет" дейт биология илимдеринин кандидаты Аскар Давлетбаев
Кыргызстанда аюуларды коргоо боюнча мамлекет тарабынан эч кандай чара көрүлбөй келет. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде биология илимдеринин кандидаты Аскар Давлетбаев SUPER.KG порталына билдирди.
“Менин баамымда, бүгүнкү күнү Кызыл китепке кирген аюулардын саны 150гө араң жетет. Убакыт өткөн сайын алардын саны азаюуда. Браконьерлер аюуларды атып өлтүргөнүн койбойт. Буга мамлекет тарабынан эч кандай чара көрүлбөй келет”,- деди Аскар Давлетбаев.
Айта кетсек, 21-апрель күнү кечки саат 17:00дө Ош облусунда Алмазбек Кочкоров аттуу жаран кармалган. Анын унаасынын текшерүү учурунда жаңы атылган күрөң аюунун териси табылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Dadasdasd

24.04.2014. 16:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми жапайы маклуктарга тийбей эле коюшса экен.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.