super.kg logo
  Саясат  

Асия Сасыкбаева Португалиянын Кыргызстандагы элчиси менен эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулады

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева бүгүн, 24-апрелде Португалия Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Марио Годиньо де Матуш менен жолугушту. 

Асия Сасыкбаева элчини Португалия элинин мамлекеттик майрамы болуп саналган 25-Апрель - Эркиндик күнү менен куттуктады. Ошондой эле Кыргызстандын түштүк аймагындагы 2010-жылкы Июнь окуяларында жабыркагандарга көрсөткөн жардамы үчүн Португалия тарапка ыраазычылык билдирди. 

Годиньо де Матуштун дипломатиялык тажрыйбасынын молдугуна токтолуп, анын элчи болуп дайындалышы менен эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди жандандырууга салым кошоруна бекем ишенимин белгиледи. 

Элчи парламенттик өлкө болуп саналган Португалиянын социалдык-экономикалык абалы, парламенттик ишмердүүлүгү боюнча учкай маалымат берип, парламенттик башкарууга өткөн Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөргө кызыкты. 

Төрага орун басары 4 жылдан бери Кыргызстан жаңы саясий башкарууга өткөнүн, кыска убакыт болсо дагы парламенттик башкаруу тутуму өзүн актап, олуттуу натыйжалар боло баштаганын айтты. Ошону менен катар Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү тууралуу кеп кылып, Конституциянын негизинде оппозиция өкүлдөрүнө эки орчундуу комитет берилгендигин кошумчалады. Аны менен парламенттин ичиндеги саясий атаандаштык натыйжалуу иштөөгө алып келерин, ошол эле маалда коомчулук менен жарандык коомдордон дагы сын-пикирлер болуп жатканын белгилеп өттү. 

Тараптар парламенттер аралык кызматташууну өнүктүрүү, экономикалык, билим берүү, маданий-гуманитардык, туристтик чөйрөлөрдөгү байланыштарды кеңейтүү зарылдыгы талкууланды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: