Экс-мэр Иса Өмүркуловдун соту эртең улана турган болду (фото)
Мамлекеттик айыптоочулар


Мамлекеттик айыптоочулар

Мурдагы шаар башчысы Иса Өмүркулов

Сот иши 25-апрелде уланмай болду.
Бишкек шаарынын экс-мэри Иса Өмүркуловдун жана Бишкек мэриясынын кызматкерлери Дүйшөнбиев, Тезекбаев, Абдыкаров, Кадырмамбетовдордун үстүнөн жүрүп жаткан бүгүнкү 24-апрелдеги сот ишинде тыныгуу жарыяланып, эртең саат 9:30да улана турган болду. Аталган соттук иште жалпы жонунан алганда 40тан ашык күбө суралат. Жактоочу тарап жана мамлекеттик айыптоочулар айрым бир күбөлөрдү кыскартууну макулдашмай болушту.
Эске сала кетсек, И.Өмүркуловго кылмыш иши 2013-жылдын 2-декабрында козголуп, 4-мартта мэр кызматтан кеткен. Экс-мэр "Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деп күнөөлөнүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

