super.kg logo
  Саясат  

Бөдөш Мамырова: “Башкы прокурор кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууда” 

 

“Башкы прокурор Аида Салянова эч кимди тоготпой парламентке кирип келип, сөз сүйлөөгө умтулууда. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды”,- деди депутат Бөдөш Мамырова ЖКнын 24-апрелдеги жыйынында. Анын билдиришинче, өлкө 2010-жылдагыдай режимге багыт алды.

“Жогорку Кеңешке унчукпай кирип келип, депутаттардын үстүнөн сүйлөп жатат. Бүгүнкү күн да өтөт. Биз 2010-жылды көздөй кеттик”,- деди депутат.

Мындан кийин башкы прокурор Аида Салянова “Урматтуу төрага, менин расмий чакырылганымды айтып коюңуз. Болбосо өзүм эле келип алгандай сөздөр айтылууда” деди эле, төрага Асылбек Жээнбеков “Маселеге байланыштуу башкы прокурор чакырылган. Кандай сындар айтылбасын, баары бир анын маалыматын угабыз” деп билдирди.

Айта кетсек, парламентте бүгүн Ахматбек Келдибеков боюнча депутаттык комиссиянын чечими кабыл алынгандан кийин оппозициядагы депутаттар башкы прокурордун сөз сүйлөшүнө каршылык көрсөтүштү.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: