Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Талас аймактык башкармалыгы 2014-жылдын I кварталынын жыйынтыгын чыгарды
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Талас аймактык башкармалыгы 2014-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча 38 жолугушуу өткөрүп, жергиликтүү тургундардан 47 кайрылуу кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде аталган фонддон билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, бул фонд эл менен 38 жолугушуу өткөргөн. Анын ичинде айыл өкмөттөрү, элдик жыйындар, шаардык тургундар жана мекеме-уюмдардын жамааттары да бар.
Ошондой эле "Мамлекеттик кепилдик" программасы, "Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун" кошумча программаларынын алкагында элге медициналык-санитардык жактан жардам алуу, жеӊилдетилген түрдө дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык камсыздандыруу полистери тууралуу маалыматтар берилди.
2014-жылдын 1-кварталында жалпы 47 кайрылуу катталып, анын ичинен оозеки кайрылуулар 38ди түзгөн.
				 
				 
				 
				
 0 
		
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 













