Өкмөт жооп берет: 55 жаштагы жаран 35 жылдык эмгек тажрыйбасы менен пенсияга чыга алабы?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Суроо: - Жалпы эмгек тажрыйбасы 35 жыл, анын ичинен үзгүлтүксүз стажы 25 жыл, өзү 55 жашта болсо, пенсияга чыга алабы? Суроо калтырган Aitunuk
Жооп: - Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамынын 9-беренесине ылайык, эркектер 63 жаш курагында 25 жыл камсыздандыруу стажы болсо, ал эми аялдар 58 жаш курагында 20 жыл камсыздандыруу стажы болсо пенсияга чыгууга укуктуу.
55
жаш куракта жалпы 35 жыл камсыздандыруу стажы менен курагы боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын 9-1-беренесине ылайык, жаш курагы
боюнча пенсияга аялдар гана укуктуу боло алышат.
Суроого Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Пенсияны чектөө жана кайра карап чыгуу башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Ашималиева жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.