Кочкор районуна көчмө медициналык борбор жөнөтүлдү
| 
   Нарын облусунун Кочкор районуна көчмө медициналык борбор жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, министрлик Ак-Жар айылына окулист, педиатр, стоматолог, ички оорулар боюнча адис, аллергияны изилдөөчү адис жана неврологдордон түзүлүп, 9 адамдан турган медициналык бригада жөнөттү. Көчмө медициналык борбор 3 күн бою заманбап медициналык жабдуулар менен аталган айылдагы мектеп окуучуларын жана мугалимдерди медициналык кароодон өткөрөт. Эске салсак, аталган айылдагы мектеп 2007-жылы колдонууга берилген. Бирок учурда авариялык абалда. Ошол себептен 400дөн ашуун окуучу чатырларда окуганга мажбур болгон.  | 
 
 Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
			
		 Рубрикадагы соңку кабарлар 
				 0:05
				 2025-11-04  
				 
				 
				 
				 
				 
				
				
				
				
			
				 
				 
				 
				
				 22:17
				 2025-11-03  
				 
				 
				 
				 
				 
				
				
				
				
			
				 18:49
				 2025-11-03  
				 
				 
				 
				 
				 
				
				
				
				
			Рейтинг: 
 0 
		
		
     		
 0 
		Комментарийлер(0)
 
		Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
				
	
	
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 













