super.kg logo

Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

 
Эртең, 25-апрелде Бишкек шаарында жана Чүй облусунун бир катар аймактарындагы оӊдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.  

Ага ылайык, Бишкекте саат 9:00дөн 17:00гө чейин Байтик баатыр, Токомбаев, Малдыбаев көчөлөрүндө, Скрябин көчөсүндөгү № 19, 20-көп кабаттуу үйлөрдө, Калыс-Ордо конушунда «Парковая» көмөк чордондорунан тараган 10 кВт аба электр берүү чубалгыларында, №2881-трансформаторундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн.

Саат 13:00дөн 16:00гө чейин Чүйдүн Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында, Төмөнкү Ала-Арча, Маевка, Бирлик, Васильевка айылдарында, Теңдик конушунда, Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылындагы Каргабаев, Бөкөнбаев, Түлөбердиев, Каралаев көчөлөрүндө, Лыжа базасында), Жайыл районундагы Калининское айылында (Есенин, Коммунистическая көчөлөрүндө), Новониколаевка айылында (Автомобилчилер, Свердлов, Московская көчөлөрүндө) электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. 

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: