super.kg logo

КТРК “Аалам сырлары-2” долбоору боюнча тергөө иштери жыйынтыкталганын билдирди

 
Коомдук канал 24-апрелде “Аалам сырлары-2” долбоору боюнча тергөө иштеринин жыйынтыктары тууралуу билдирүү таратты. Төмөндө билдирүүнүн толук тексти:
"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Аалам сырлары-2” долбоорунун айланасындагы чыр-чатактарды териштирүү боюнча тергөө иштери жыйынтыкталды.
Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын 2014-жылдын 31-мартында чыгарган №1638-токтомунда аталган долбоордун катышуучусунан пара өндүрүү боюнча кылмыш ишин козгобоо тууралуу чечими кабыл алынган. Токтомдо “КТРКнын “Аалам сырлары-2” долбоорунун катышуучусу Исманкулова Ира Асанбековнадан (лакап аты Индира) корпорация менен эч кандай эмгектик келишими жок болгон Абдыбекова Таалайкүл Жамбылбековнанын (лакап аты Дана) 30 миң АКШ долларын талап кылышы боюнча кылмыш фактысы жок болгондуктан, бул маселе боюнча кылмыш иши козголбосун” деп айтылат.
Чечимдин КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин “кылмыш далалаты” аттуу 28-беренесине таянып чыгарылганы белгиленген. Ошондой эле бул маселе боюнча Таалайкүл Абдыбекованын учурда Республикалык психоневрологиялык диспансерде дарыланып жаткандыгына байланыштуу аны суракка алуу мүмкүнчүлүгү болбогондугу тууралуу да жазылган.
Мындан улам КТРКнын жетекчилиги ушул токтомдун негизинде маселе такталганга чейин иштен четтетилген КТРКнын кызматкерине кайрадан иштөөсүнө уруксат берүү чечимин чыгарды. 
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 20-февраль күнү айрым интернет басылмалар Дана аттуу айым менен “Аалам сырлары” теледолбоорунун катышуучусунан пара сурап жаткан аудиожазууну жарыялышкан. Кийинки иликтөөлөрдүн негизинде сүйлөшүүлөр Дана Абдыбекова жана Индира Исманкулова аттуу айымдардын ортосунда болгону белгилүү болгон. Ушул фактылардын негизинде КТРКнын жетекчилиги чукул жыйын өткөрүп, бардык материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүү жана долбоорду тартууга катышкан чыгармачыл топту кырдаалдын аныкталып далилденишине чейин иштен четтетүү чечимин кабыл алган. Ошондой эле КТРКнын жетекчилиги “Аалам сырлары-2” долбоорунун катышуучуларынын, эксперттеринин пикирлерин угуп, журналисттер менен да бул маселе боюнча жыйын өткөргөн. Корпорация КТРКнын кызматкерлери тарабынан каражат талап кылуу же кызмат абалынан кыянаттык менен колдонуу фактылары жөнүндө жарандардын кайрылуулары үчүн ишеним телефонун ишке киргизген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(52)
25.04.2014. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+37
Бардык иштин башында Оторбаев озу да бар ошон учун иш жабылды Апасованы, Айтбекованы да иштен айдай албайт
25.04.2014. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+36
КТРК коррупцияга малынып кеткен да озу
25.04.2014. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Жашасын корупция Кыргызстанда.
25.04.2014. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
Тегирменге салсаң бүтүн чыгышат.
25.04.2014. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+35
Коррупция ужаас! Оторбаевдин да катышы бар, ошол учун ишти ОЗУ баш болуп жаптырып салды. жадагалса кайра жумушка алынат деп токтом чыгарыптыр. просто ууужаас!!! Не дейбиз квргызстандагы жегис коррупционерлерди Аллах ОЗУ жазаласын амин!!!
25.04.2014. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Эмне пайда чыкты.Бири бирин кандай адам экенин жарыялап алышты азаматтар.
Атанынкору акча эмнени кана кылдырбайт.
Макал чында Акчан болсо калтанда каалашынча талтанда деген.Уят уялышса болмок чондор ушинтсе келечек муунга жол болсун
25.04.2014. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Ой укмушсунарго ушундай болушун билгем...акча менен баарын жаптыда,эми элдин алдына кантип чыгышат кайрадан эфирде дейтко аалам сырларын....кичине уялып жок дегенде ошол долбоорду жаап эле коюшпады....
25.04.2014. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Кудайдан коркушса болмок.Ушинтип эле шермендесин чыгарып коет.Көзү ачыктык кылган чоң күнөө.Аларды жарыялаган КТРКканын кызматкерлери да күнөөлүү болушту.
25.04.2014. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Тообо , баарынын беттери калын экен . Далил турса да , ушундай кантип чечим чыгарсын . Укмуш , мыкты адвокат жалдашкан го .
25.04.2014. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Алтындарым кыргызстан онолот кыргызстан онолот.Жашасын корупция(((
25.04.2014. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Жакшы жакшы ушинтип иштей бергиле корупцияга чон чон салымынарды кошуп кыйратыпсынар
26.04.2014. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Кылмыш иши козголобу же жокпу, баары бир бул теле беруунун эч кимге кызыгы жок. Бул козу ачыктарды жарыя кылган коз боёмочулардын интермедиясы эле болуп калды. Ыйманы жол берсе жаман жорукту жасай берет да бутундой элди калпка ишендирип. Ал эми ИИБби, СИИБби... буларга эмне азап, чындыкты изилдеп... Акчаны сол чонтокко салды да ишти жапты. Баарынан да Дана айымдын психика жактан ооруп калганы жаман эле болуптур. Ээээ-э жалган дуйно да жалган...
26.04.2014. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
))))))))
26.04.2014. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
kyrgyzstandyn zakonu karapaim kalkka kelgende ele. zakon bolo alat elenine dagy bir ynandym. akcha kop nerseni jada kalda zakondu da satyp alat eken. .
26.04.2014. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
пара алуу бойунча берене бар эмес беле эми жокко чыгардыбы. 30$ кайра чондорго берсе керек.Баардык кыргыз элин алдаган адамдарды законго тартып койушса болмок .
26.04.2014. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Анекдот коррупция жонундо!!;Бир чабан партияга кирем деп отпой калыптыр,андан сураптыр эмнеге отпой калдын деп,ал айтат;бир суроого жооп бере албай калдым дептир, эмне деген суроо десе;Басмачы болдун беле деп сураптыр,ошондон отпой калдым деген экен, анда тигилер; Басмачы болгон эмесмин дебейт белен десе,анда чабан;Кантип калп айтасын Корбашы озу сурап атса дептир!))
26.04.2014. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Бармак басты коз кысты болуп бутоору башында эле билинген
26.04.2014. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Баары эстуу болушат эч бир жыйынтык жок
26.04.2014. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
asil,dana , nazzirani ,uksam ele jurogum aylanat... beeteri kalin bolgon uchun emi chiga beriwet da wumpaylar... eldin dele korgusu jok bolso kerek..
26.04.2014. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Жылаңыч чындык аңырайып турса да, ушунча адамдардын көзүнчө,жокко чыгарып салгандай болгону эмнеси? Каратып туруп калп айтты дегендей эле болуп калды бул жагы... анан күйуп - бышкан эл кансин! Айласы кеткенде ар кандай жоруктарга барып жатышат да! Ушундай өсүү менен кайсыл тупикке барып такалабыз. Просто ыйлыгың келет, ыйлагың....
26.04.2014. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Азыр барын акча чечип калган убакта кубат оторбаев баш болуп суудан кургак чыгыштыда
26.04.2014. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Корупциянын гүлү дайым ачып турат да бизде. Дегеним Мыйзам деген өзү КР да акчасы жокторду камоого, акчасы барларды актоого гана жазылат. Ушу ручка менен кагазды сарптабай тим эле койбоптурда өзү.
26.04.2014. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бизде качан эле туура чечим чыкчу эле ошончо факт турса дагын корбойттор,байкуш ошону кармашып бетини ачып берген оперлер,мээнеттери текке кетти,кудай гана жазаласын,паракорлорду,пулун болсо кулунмун деген заманда бизде,эч кандай мыйзам иштебейт,бей-бечараларга эле жетет мыйзамдын кучу
27.04.2014. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
,,Биз акпыз!" деп мурдагыдан да кучтуу чыгышат да эми Назиракан, Данакандар. Булар биригип алып, ун жазууларды ачыкка чыгаргандардын устунон арыз жазып журбосо эле болгону...
27.04.2014. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жогоруда айтылгандаргага кошулам эмне 2 жигитке башка мыйзам иштеп буларга башка мыйзам иштейби, анан кантип корупцияга каршы курошот. Баягы эле "оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун" деген заман болуп жатат, тааныш, акча баарын чечип жатат, бул долбоорду жаап кызматкерлерди, КРТдин жетекчилерин ушунча ызы-чуудан кийин бир чара колдонуш керек болчу.
27.04.2014. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
маскара маскара.коз коруноо ишти таптаза кылып жаап коюшуптур.турмого тушкондо же тушоордо баары ооруп калышат.иш буткондон кийин беттерин саландатышып элдин алдына эч нерсе болбогондой чыгып журо беришет.чындыгына келгенде актап чыккандары да кылмыш жасап жатышат.баары корупцияга малынган.закон акчалууларга ,таанышы барларга иштебейт.ушундай нерседен кийин эл кантип ишенет бийликке.
27.04.2014. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чындык чыркыраган боюнча калыптыр да.уурдабаган эле адамды машиненин донгологун уурдаган деп жатышты эле.жок дегенде коз коруноо болуп жаткан нерсени мыйзам чегинде жазага тартса болмок.
28.04.2014. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Болбоду дегенде 1% эмес 0.5% адилеттик кылып жумуштан кетиргенде разы болот элем. Бул жагы окшошпой калды. Үмүт өчтү.
28.04.2014. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
шермендечилик!!!
28.04.2014. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карга карганын козун чукубайт болушкан турбайбы!Оторбаев эркек болсо жумушунан оз эрки менен кетип калса жакшы болмок.Коррупционерлерди топтоп алып коомдук телени башкаруунун озу чон куноо.Кыздын сыры торкунго маалым демекчи КТРКнын сыры элге маалым болуп калды!Эми тигил козу ачыктарды куугунтуктабаса эле болду.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: