super.kg logo

КТРК “Аалам сырлары-2” долбоору боюнча тергөө иштери жыйынтыкталганын билдирди

 
Коомдук канал 24-апрелде “Аалам сырлары-2” долбоору боюнча тергөө иштеринин жыйынтыктары тууралуу билдирүү таратты. Төмөндө билдирүүнүн толук тексти:
"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Аалам сырлары-2” долбоорунун айланасындагы чыр-чатактарды териштирүү боюнча тергөө иштери жыйынтыкталды.
Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын 2014-жылдын 31-мартында чыгарган №1638-токтомунда аталган долбоордун катышуучусунан пара өндүрүү боюнча кылмыш ишин козгобоо тууралуу чечими кабыл алынган. Токтомдо “КТРКнын “Аалам сырлары-2” долбоорунун катышуучусу Исманкулова Ира Асанбековнадан (лакап аты Индира) корпорация менен эч кандай эмгектик келишими жок болгон Абдыбекова Таалайкүл Жамбылбековнанын (лакап аты Дана) 30 миң АКШ долларын талап кылышы боюнча кылмыш фактысы жок болгондуктан, бул маселе боюнча кылмыш иши козголбосун” деп айтылат.
Чечимдин КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин “кылмыш далалаты” аттуу 28-беренесине таянып чыгарылганы белгиленген. Ошондой эле бул маселе боюнча Таалайкүл Абдыбекованын учурда Республикалык психоневрологиялык диспансерде дарыланып жаткандыгына байланыштуу аны суракка алуу мүмкүнчүлүгү болбогондугу тууралуу да жазылган.
Мындан улам КТРКнын жетекчилиги ушул токтомдун негизинде маселе такталганга чейин иштен четтетилген КТРКнын кызматкерине кайрадан иштөөсүнө уруксат берүү чечимин чыгарды. 
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 20-февраль күнү айрым интернет басылмалар Дана аттуу айым менен “Аалам сырлары” теледолбоорунун катышуучусунан пара сурап жаткан аудиожазууну жарыялышкан. Кийинки иликтөөлөрдүн негизинде сүйлөшүүлөр Дана Абдыбекова жана Индира Исманкулова аттуу айымдардын ортосунда болгону белгилүү болгон. Ушул фактылардын негизинде КТРКнын жетекчилиги чукул жыйын өткөрүп, бардык материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүү жана долбоорду тартууга катышкан чыгармачыл топту кырдаалдын аныкталып далилденишине чейин иштен четтетүү чечимин кабыл алган. Ошондой эле КТРКнын жетекчилиги “Аалам сырлары-2” долбоорунун катышуучуларынын, эксперттеринин пикирлерин угуп, журналисттер менен да бул маселе боюнча жыйын өткөргөн. Корпорация КТРКнын кызматкерлери тарабынан каражат талап кылуу же кызмат абалынан кыянаттык менен колдонуу фактылары жөнүндө жарандардын кайрылуулары үчүн ишеним телефонун ишке киргизген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(52)
25.04.2014. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
эч кимди суракка албай туруп кылмыш жок деп токтотуп койгон :)
жашасын коррупция!
25.04.2014. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
30мин долларды болушуп эчтеке болгон жок биз корбодук деп-отуруп калдынарда !!!
25.04.2014. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Буларга коррупционерди карматып же видеого тартып туруп көрсөтүп берсен деле эч нерсе болгон жок деп ишти ушинтип жаап коет.
Бул турган ишко, эч тан калбай эле койгула, минтип олтурсанар коррупцияга каршы күрөшпөй эле кайра салым кошуп атасынар!!!
25.04.2014. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Камаш керек эле да
25.04.2014. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Анавы Айтбекова деген неме дагы ХХХ чыгат экен да,кичине кулак тынчып калды эле, бесит:(
Модератор admin_portal түзөттү 25.04.2014 18:42
25.04.2014. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
bela77 - эскертүү!
Кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт!
25.04.2014. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ой ой ой акча берип жаап койду да, бизде качан ким эле ак иштеген эле ХХХ ХХХ ХХХ иштейт мээси иштегендер Кыргызстандан тунулуп башка олкого кетип калышкан, акты ак караны кара дешчу эле булар тескерисинче куйуп куйуп кетем да ушуга окшогон жан ды окуганда. Куноолулор суудан курук чыгат Кыргызстанда акчан болсо сен адамсын акчан жок болсо тиктеп да койбойт эч ким.
Модератор admin_portal түзөттү 25.04.2014 18:43
25.04.2014. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Aimeerimka - эскертүү!
Кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз.
25.04.2014. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+39
"Ак жол сага коррупция!" башка эч нерсе айта албайбыз го. Айтсан да ЖЕТПЕЙТ.
25.04.2014. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Koomduk kanalda ushundai kadrlar ishtese, anda bashka mekemelerdin soz kylyshtyn keregi jok. Konkurs uchun akcha talap kylyp anan dagy osho dolboordyn prodyuseri bolyp kantip ishteo jurot Apasova mn Aitbekovalar. Negizi shamal bolboso choptyn bashy kyuimyldabait degen soz chyn
25.04.2014. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Kyrgyzstanda ech bir mamlekettik mekemelerge, alardyn jetekchilerine, kadrlaryna ishenbei kaldyk ko..... Anda emi mamleketibizde biri-biribizdi aldap juro berebizbi kelechekke aldyga chylbai?
25.04.2014. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+36
Индира сайрап жатпады беле,укук кызматкерлер менен чогуу иш алып бардым,алар тыншоочу аппараттын жардамы менен угушту, далилдер бар деп.
25.04.2014. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+45
"Кумтөрдүн" чоңдорунан акча талап кылышты деп Саруулук эки жигит 7 жылдан камалып кетишти го? Алар деле акчаны колго алган жок, талап кылышканы үчүн соттолушту. Аларга иштеген мыйзам буларга иштебейби? Мыйзамдар бирөөлөргө иштейт, бирөөлөргө иштебейт. Мен ошондой эле жыйынтык чыгардым.
25.04.2014. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+36
Oi_pikir, КТРКнын жетекчиси Кубат Отрбаев пример министр Жоомарт Отрбаевдин иниси да эмне кылса жарашат. Ал эми Саруудагылардын андай колдоочусу жок.
25.04.2014. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-27
uuljan94, Кубат Оторбаев менен Жоомарт Оторбаевдин эч кандай байланышы жок. Жоомарт Оторбаевдин уй-булосун мен 100 % билем. Ж.Оторбаев Кыргыз элине эмгеки синген улуу врач Нанаева Мария Токтогуловнанын уулу. Мария Токтогуловнанын 2 гана уулу бар 1 Чагатай Оторбаев КГМАда мугалим бир жагынан инсулт алган 2 Жоомарт Оторбаев. Толук маалыматты билбей эле ойду тоону камчылай бербе да!!!
26.04.2014. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Oi_pikir, Туптуура айттыныз!
25.04.2014. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
аззамтасынар ХХХ.Кечээ кечинде жан-дан чала угуп калдым эле корсо кыйратыпсынар да.Озу Кырг-да пара талап кылганды олтуруп эле салыш керек болду
Модератор admin_portal түзөттү 25.04.2014 18:46
25.04.2014. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-26
Topcubai - эскертүү!
Кимдир-бирөөнү кемсинтип, мазактоого жол жок.
25.04.2014. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+36
Мына сага эч кммдин куносу жок дегени эмнеси. Корупция мн курошобуз дейсинер мына коруп туруп кормоксонгоо алганынар эмнеси
25.04.2014. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Мен да суйунуп жаттым эле,айтбековадан кутулганыма
25.04.2014. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+38
Чечимди ким чыгарса да, ХХХ экен. КТРК чынында болбогон канал,эми эл ишенбейт,чын эле ххх экенсинер...
Модератор admin_portal түзөттү 25.04.2014 19:45
25.04.2014. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-30
Angel92 - эскертүү!
Кемсинтип, мазактоодон алыс болуңуз.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: