super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: “Эл менен натыйжалуу сүйлөшүү аркылуу коомчулуктун бийлик өкүлдөрүнө болгон ишеничин жогорулатууга болот"

 

Жоомарт Оторбаев 24-апрель күнү өкмөттүн “Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук кайрылуулары” интернет-порталын ишке киргизүүгө даярдыгына арналган кеңешмеге катышты.

Бул портал (kattar.kg домендик ат менен) өкмөттүн эл менен байланышын жакшыртат. Ал аркылуу өлкөдө жана андан сырткары жашап жаткан жарандар өкмөттүн ар бир мүчөсүнө, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө түздөн-түз байланыша алат.

Өкмөт башчы мамлекеттик органдар тарабынан маалыматка кеңири мүмкүнчүлүктүн түзүлүшүн демилгелөө абдан маанилүү экенин айтты: “Биздин өкмөт ишинин башкы принциптери катары ачык-айкындуулукту тандап алды. Биз зарыл болгон маалыматтарын түздөн-түз алууга коомчулукка мүмкүнчүлүк түзгөн жаңы байланыш аянтчаларын киргизишибиз зарыл. Эл менен натыйжалуу сүйлөшүү менен коомчулуктун бийлик өкүлдөрүнө болгон ишеничин жогорулатууга болот. Бул биздин приоритет”.

Ал жөнөкөй интернет-портал жарандардын мамлекеттик бийликтин каалаган органына кат жөнөтүп, катталуу номурун алып, анын жыйынтыгы менен тааныша аларына салым кошорун баса белгилеп өттү.

“Бул порталды жандандырууга бардык мамлекеттик органдар жигердүү катышуусу керек. Аны пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен ар бир жаран тааныш болуусу абзел. Иштетүү ыкмалары жөнөкөйлөштүрүлүп, элге ыңгайлаштырылат”,- деди премьер-министр.

Ошондой эле жаңы веб-сайтты иштетүүнү тездетүү зарылдыгын кошумчалап, буларга токтолду: аттар менен арыз, даттануулар менен иштөө тек гана таза болбостон, ыкчам ишке ашыруу да керек. Бул багытта адам ресурстары менен катар техникалык багыттарын да карап чыгуу керек”.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: